Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунда 27-28-сентябрь күндөрү Жүрөк күнүнө арналган ачык эшик күндөрү өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымат тартты.
«Дарыгерлер ар бир адамдын тамеки чегүү, туура тамактануу, дене-боюн текшерип, салмак индексин, кан басымын жана кандагы холестерин менен кантты өлчөйт. Каалоочулар болсо, саат 10:00дөн 15:30га чейин кайрылса болот», — деп айтылат маалыматта. Суроолор боюнча 0507005470 телефон номерине кайрылууга болот.
29-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү. Анын максаты — жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, алардын пайда болуу себептери жана алдын алуу ыкмалары, ошондой эле алдын алуунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу.