Эки адам таксистке мыкаачылык менен кол салган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка караганда, 52 жаштагы кишини 6-декабрга караган түнү Луговое айылында эки адам тоскон. Алар унаага отуруп 500 метрдей жылгандан кийин бирөөсү таксисттин сол тарабынан бир нече жолу бычак урган. Кылмышкерлер машинадан акча, телефон алып из жашырып кеткен.
“Бул окуяга шектелип 1985-жылкы О.М. жана 2003-жылы төрөлгөн Ш.Р. жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди” – деп айтылат маалыматта.
Учурда жабырлануучу ооруканада жатат.