“Манас” аэропортуна кеткен жолдо адам өлүмүнө себепчи болгон деп шектелген айдоочу үй камагына чыкты. Сокулук райондук соту 21-сентябрда ушундай чечим чыгарганын Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Кырсык 19-сентябрда болгон. Чоң жолдо автоунаалар менен жарышканы айтылган мотоцикл айдоочусу жергиликтүү келинди сүзүп өлтүрдү деген видео социалдык түйүндөргө жарыяланган. Аялдын өлүмүнө шек саналган 29 жаштагы жаран 20-сентябрда кармалып, Жазык кодексинин 297-беренеси (Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) боюнча иш козгогон болчу.
Аэропортто өтүп бара жаткан аялды өлтүрө сүзгөн мотоциклист кармалды