Бүгүн, 26-октябрда Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагындагы Жаңы-Барак айылында ишембилик өткөрүлдү. Иш-чарага облус жетекчиси Эльчибек Джантаев, район жетекчилиги, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана Жаңы-Барак айылынын тургундары катышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл алгач ишимбиликтин катышуучулары жана Жаңы-Барак айылынын тургундары менен баарлашып, бүгүнкү саамалык жаңыдан түптөлгөн айылды көрктөндүрүү, жашылдандырууга багытталганын айтып, Барактыктарды жаңы айылдуу болушу менен куттуктады. Ал эми Барак эксклавынан көчүрүлгөн кыргызстандыктар Жаңы-Барак айылынын курулушу менен ар бири үйлүү болгонун белгилешип, өлкө жетекчилигине ыраазычылыгын билдиришти.
Андан соң жалпы ишембилик башталып, Эльчибек Джантаев көчөт отургузуу ишин баштап берди. Ошентип жалпысынан 500 түп туя көчөтү отургузулду.
Белгилей кетсек, учурда Жаңы-Барак айылында 38 гектар жерге 101 турак үйдүн курулушу аяктаган. Үйлөрдүн баары бирдей үлгүдө бардык керектүү шарттары менен салынып, жакында ачылуу алдында турат. Ошондой эле ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн скважина казуу, 160 м3 суу кампасын куруу жана ар бир үйгө суу түтүктөрүн (3,5 км) тартуу боюнча жалпы сметалык баасы 28,0 млн сомдук иштер аткарылды.
Андан сырткары саркынды суу чогултуп, тазалоочу курулма жана саркынды суу түтүктөрүн орнотуу боюнча 70,0 млн сомдук иштер аткарылууда.