7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Айболот Айдосов: Гимнди өзгөрткөндөн көрө жаш илимпоздорго көбүрөөк колдоо көрсөтүлсө

253

2024-жылдын 20-октябрдан 26сына чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу Айболот Айдосов менен маек.

22-24-октябрда Казан шаарында өткөн БРИКС уюмунун бийик жолугушуусу өтө маанилүү окуя болду, анткени 2022-жылы Москва Украинага каршы согуш баштагандан бери Орусияга мынчалык көп жана жогорку деңгээлдеги жетекчилер бир убакта келген эмес. Кыргызстан үчүн дагы бул саммит маанилүү болду, анткени уюмга мүчө болбогонуна карабай, Кыргызстан бул бийик жолугушууга чакырылды жана президент Садыр Жапаров – биз бул уюмга азырынча мүчө болбойбуз, анткени көп багыттуу тышкы саясат жүргүзөбүз деп билдирди.

Жогорку Соттун жаңы төрагасы болуп Медербек Сатыев шайланды, бул адам татыктуу талапкер жана мурдагы төрага Замирбек Базарбеков баштаган реформаларды уланта алат деп ойлойм. Сот системасы болсо андай реформага өтө муктаж, анткени карапайым эл арасында дагы, бийликтин ар башка катмарында дагы нааразылыктар арбын. Соттор өлкөдө кынтыксыз иштеп, алар чыгарган өкүмдөргө эч ким каршы пикир айта албагандай болсо, коомдун жалпы өнүгүүсүнө ал абдан чоң өбөлгө болоор эле.

Жогорку кеңештин спикери улуттук гимнди өзгөртөбүз дейт, мүмкүн чын эле ошондой маселе бардыр, бирок улуттук символдорду өтө эле көп жаңырта берүү, жалпысынан, жакшы эмес го. Мүмкүн, чындап эле, кимдир бирөө аны жакшы ырдай албайт, бирок маселе ырдаганда эле эмес да. Андан тышкары, гимнди өзгөртүүдөн башка деле көптөгөн маселе бар, мисалга, спикер Нурлан Шакиев өз төрагалык резервинен жаш окумуштууларга каржылык колдоо көрсөтүп, алардын ичинен өз эмгектерин Нобель сыйлыгына көрсөтө ала тургандарды тарбиялаганга көмөктөшсө, андан өлкө менен коомго көбүрөөк пайда болоор беле…

Апта ичиндеги негизги окуялары:

– 24-октябрда президент Садыр Жапаров Орусиянын Казан шаарында БРИКС уюмунун саммитинде чыгып сүйлөп, Кыргызстан адилеттүү жана дискриминациясы жок экономикалык тартипти колдоорун билдирди.

– Апта башында Акылбек Жапаров Москвада Орусиянын премьер-министри менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун өзгөчөлүктөрүн талкуулады.

– Экономика министрлигинин айтымында, келээрки 5 жылда Кыргызстанда жыл сайын кеминде эки-үчтөн чакан ГЭС курулуп, ишке берилет.

– Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 25-октябрда Бишкекте Экономика министрлигинин 100 жылдыгына арналган жыйында чыгып сүйлөп, жыл сайын Кыргызстанда жүздөн өндүрүш ишканасы ачылат деп билдирди.

– Энергетика министрлигинин айтымында, Түндүк Сох жана Чонгара-Галча кендеринде мунай иштетиле баштады, жылдын аягына чейин дагы 18 мунай кудугу казылат.

– 22-октябрда өткөн Жогорку кеңештин конституциялык мыйзамдуулук комитетинин жыйынында спикердин орун басары Нурбек Сыдыгалиев – мурда талапкерлер партиялык тизменин алдыңкы орундарына чыгыш үчүн партия жетекчилерине 200-300 миң доллардан төлөчү деп билдирди.

 

– Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болду – 22-октябрда анын талапкерлигин Соттор кеңеши көрсөттү, эртеси Жогорку кеңеш аны жактырды, 24-октябрда болсо президент жарлыкка кол койду.

– Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Вашингтонго барып, Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугуп, Камбар-Ата-Бир ГЭСинин курулушун каржылоо тууралуу макулдашып келгени айтылууда.

– Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 25-октябрда Нарында 4 заводдун пайдубалын негиздөөгө катышты, алар – унаа чогулта турган «Нарын-шумкар», айыл-чарба дрондорун чыгара турган «Нарын-алгыр», диод чырактарын өндүрө турган «Нарын-чырак» жана даараткана кагазын чыгара турган «Нарын-кагаз» заводдору.

– Асланайым Ашырова – Бишкек циркинин жаңы директору болуп дайындалды.

– 21-октябрда Динара Исаеванын ордуна Күрөш федерациясынын вице-президенти болуп Айсулуу Тыныбекова шайланды.

– 23-октябрда Бишкектин Батыш автовокзалы иштебей калды, андан кетчү автобустар эми Алматы көчөсү менен айланма жол кесилишинен кете баштады, жаңы автовокзал болсо эмдиги жылы курулуп бүтөт экен.

 

– Жогорку кеңештин спикери Нурлан Шакиев 25-октябрда – өлкө гимнин өзгөртүүнү ишенимдүү сунуштады.

– 22-октябрда Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ардагер дипломаттар орден-медалдар менен сыйланды.

– АКШнын Чикагодогу кыргыз консулу Болотбек Борбиевдин айтымында, Иллиной штатында 40 миң кыргыз жашайт, алар бир миңден ашык ишкана ачкан, жалаң кыргыз ресторандарынын саны эле 40.

– 23-октябрда Жогорку кеңеш жалаа жабуу боюнча жаңы мыйзамды биринчи окууда кабыл алды, ага каршы 6 гана депутат – Айсулуу Мамашова, Элвира Сурабалдиева Чыңгыз Айдарбеков, Жанар Акаев, Сеид Атамбаев жана Дастан Бекешев добуш берди.

– Апта башында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Катарга барып, коргоо министри Халид бен Мухаммад аль-Аттия менен жолугуп келди.

– Бишкекке Азия футбол конфедерациясынын президенти Салман бин Ибрагим аль-Халифа келип кетти.

– Борбор Азиянын волейбол ассоциациясынын Ташкенде өткөн чемпионатында Кыргызстандын курама командасы биринчиликти утуп алды.

– Албанияда күрөш боюнча өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында Раззак Бейшекеев чемпион болду.

254