7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы дайындалган жергиликтүү соттордун судьялары ант беришти

163

Бүгүн биринчи жолу дайындалган 9 судья ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалым болгондой, мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык, алар жергиликтүү соттордун судьялыгына 5 жылдык мөөнөткө биринчи ирет дайындалышты.

Жаңы дайындалган судьялар төмөнкү сотторго жиберилди:

Баткен райондук соту — Букаев Кубанычбек Өскөнбекович, Зарипов Адилет Махаматович;

Сузак райондук соту — Асанакунова Назира Кудайбердиевна;

Араван райондук соту — Мээрим Жылдыз кызы;

Кара-Суу райондук соту — Абдылдаев Тилек Токторович, Өмүров Айбек Бактыбекович;

Өзгөн райондук соту — Абдыкалыкова Гүлзира Расуловна, Шаршеев Эрмек Муслимович;

Талас облусунун административдик соту — Кылычов Сыргак Сарыпбекович.

Иш-чарада Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, аларды берген антына бек турууга жана адилеттүүлүктү камсыз кылууга чакырды.

164