7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы гимн боюнча комиссия биринчи жыйынын өткөрдү

429

Бүгүн, 7-февралда КР Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алгачкы жыйыны болуп өттү.

Жыйын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында өттү. Анда Мамлекеттик гимнди жаңылоо боюнча мындан ары жүргүзүлө турган иштер талкууланды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев баяндама жасады.

Ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58 тескемесине ылайык комиссиянын алдыда алып баруучу иштери, сынактын өтүшү жана тандоо критерийлери жөнүндө маалымат берди. Комиссиянын мүчөлөрү Мамлекеттик гимнди жаңыртуунун маанилүүлүгүн айтып, улуттук баалуулуктарды, мамлекеттик символдорду сыйлоону жана жалпы элдин рухун чагылдырган вариантты тандоо зарылдыгын белгилешти. Комиссиянын иши улантылууда, кабыл алынган чечимдер жөнүндө кошумча маалыматтар берилип турат.

430