7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинде кеңешме өткөрүлдү

246

Бүгүн, 7-февралда Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин жана жетекчилеринин арасында түшүндүрүү-алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти

Аталган иш-чара УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын алкагында болуп өттү. Жыйынга Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле бардык райондук бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Жыйын коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн катаалдашкан кылмыш жазасына байланыштуу уюштурулуп, анда катышуучуларга кабыл алынган «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлдү.

Президент Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу максатында УКМК тарабынан «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыккан.

Мындан улам, КР Кылмыш-жаза кодексинин 336, 337, 338, 339, 340, 341, 342, 343, 344, 345, 346, 347, 348-беренелерине ылайык, мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын негизги өзгөчөлүктөрү жеткирилди:

1) коррупциялык кылмыштары үчүн соттолгондорго өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салынат;

2) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыптарды белгилөөчү талаптар алынып салынды;

3) коррупциялык багыттагы оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жарандын жакын туугандарын же жубайын/жолдошун мамлекеттик кызматка алуудан баш тартуу;

4) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн күнөөнү моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндө адам күнөөлүү деп табылганда статьяда каралган жазанын минималдуу мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоо каралган.

Жыйында өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупциялык кылмыштарды толугу менен жок кылуу милдети коюлганы белгиленди. Буга байланыштуу Юстиция министрлигинин кызматкерлерине коррупциялык аракеттерге же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол берилбестиги тууралуу эскертүүлөр берилди.

247