7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 34 млн сомдук мамлекеттик мүлк 874 миң сомго сатылып кеткен

475
Таласта 34 млн сомдук мамлекеттик мүлктү 874 миң сомго сатып жибергендерге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлады.

Текшерүүдө Салык кызматынын Бакай-Ата району боюнча башкармалыгынын, Сот департаментинин райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн жана “Талас балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери атайын жердин баасын төмөн көрсөтүү жолу менен “Талас балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын пайдалануусундагы мамлекеттин менчиги болгон 34 млн сомдук 16,5 га жер аянтты жана ага таандык 1-көлмө кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз түрдө жеке менчикке 874 миң 500 сомго сатып жиберишкендиги аныкталды.

Бул факты боюнча «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды.

476