7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы гимнге татыктуу чыгарма табылбагандыктан кайра сынак жарыялоо сунушталды

276
Жаңы гимнге коюлган талптарга жооп берген чыгарма табылган жок. Буга байланыштуу кайрадан сынак жарыялоо сунушталганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
«Комиссия сунушталган долбоорлордун ар түрдүүлүгүнө жана жарандардын активдүү катышуусуна карабастан, гимнге коюлган мазмундук жана көркөм талаптарга толук жооп берген чыгарма табылган жок деген бүтүмгө келди. Ушуга байланыштуу сынакты кайрадан жарыялоо жана жобого бир катар өзгөртүүлөрдү сунуштоо чечими кабыл алынды», — деди министрлик.
Ага ылайык, биринчи этапта гимндин жаңы редакциядагы тексти тандалса, экинчи этапта бекитилген текстке музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча сынак жарыяланат.
 7-февралдан 20-мартка чейин жалпы 703 сунуш түшкөн. Натыйжада аты-жөнү, дареги жана жеке маалыматтары так көрсөтүлгөн 165 жарандын 285 долбоору каттоодон өткөн.
277