7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы каттамдарды ачуу. «МЭА» ААК чет элдик өнөктөштөр менен жолугушууга катышты

266

Кыргызстандын Экономика жана соода министрлигинде Кытайдан келген чет элдик өнөктөштөр – China West Airport Group жана Loong Air авиакомпанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жыйынга КР Экономика министрлигинин, «Манас» эл аралык аэропорту» ААК, туристтик компаниялардын жана өлкөнүн туроператорлорунун өкүлдөрү катышышты.

Жолугушуунун негизги темалары туризмди өнүктүрүү, жүк ташуу жаатында кызматташуу, жүргүнчүлөрдү ташуу, жаңы каттамдарды жана жаңы багыттарды ачуу болду.

«Бул жолугушуу биз үчүн чоң сыймык жана биз сиздер менен авиацияны өнүктүрүү, жүргүнчүлөрдү ташуу, жүк ташуу жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууга кубанычтабыз. «МЭА» ААК ар түрдүү тармактардагы алдыңкы мекеме жана адистер менен кызматташууну алдына максат кылып койгон жана China West Airport Group бул критерийлерге жооп берет. Аэропортторду жана аба транспортун өнүктүрүүдөгү сиздердин тажрыйбаңыздарга, жетишкендиктериңизге суктанабыз жана биздин кызматташтыгыбыз баарыбызга өз ара пайда жана ийгилик алып келиши мүмкүн деп ишенебиз. Биздин өз ара кызматташуубуз билимдерди, тажрыйбаларды жана ресурстарды алмашууга мүмкүндүк берет деп үмүттөнөбүз. Бул өз кезегинде биздин кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана өнөктөштүктү бекемдөөгө жардам берет», — деди өз сөзүндө «МЭА» ААК Коммерция директору Тимур Аралбаев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

267