7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы муундагы улуттук жалпы жарандык паспортту киргизүү тууралуу өкмөттүн билдирүүсү

445

Кыргыз Республикасында биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен (ePassport) жаңы муундагы улуттук жалпы жарандык паспортту киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

Жалпы жарандык паспорттордун (чет жакка чыгуучу паспорт) жетишсиздиги жана кечиктирип берүү маселесине боюнча түзүлгөн жагдайга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бир катар чечимдерди кабыл алды:

Убактылуу жарактуулук мөөнөтүн узартуу:

—  Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же болгон жарандар үчүн 2004-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун мөөнөтүн 2021-жылдын 1-сентябрына чейин;

—  2006-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун мөөнөтүн 2021-жылдын 1-сентябрына чейин.

Жарандарыбыз чет мамлекеттердин чек араларын тоскоолдуксуз өтүүлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чет мамлекеттерди форс-мажордук жагдайларга байланыштуу кабыл алынган убактылуу чаралар тууралуу билдирүү жөнөтүү тапшырылды.

2020-жылдын 25-декабрынан баштап ePassport берүү пландалган ePassport берүү планына көзөмөлдүн жоктугу жана өз убагында аткарбоо үчүн, ошондой эле жыйынтыгында жалпы жарандык паспорттордун жетишсиздигине жана кечиктирип берилишине алып келген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинин шалаакы мамилеси үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын тейлөөчү орун басары Тилек Батырканов ээлеген кызматынан бошотулду.

Өз кезегинде МКК жетекчилиги ePassport берүүгө байланыштуу орун алган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн маалымдоо боюнча өз убагындагы жана жетиштүү чараларды көргөн эмес.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын алдына кыска мөөнөттүн ичинде биометрикалык маалыматтар колдонулган улуттук жалпы жарандык жаңы муундагы паспортторду (ePassport) берүүнү камсыздоо милдетин койду, кайрадан үзгүлтүккө учуратылса катуу чаралар көрүлөт.

446