7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде мал уурулукка шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

465

Баткенде мал уурулукка шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-февралынан 1-мартына караган түнү Баткен районунун Чек айылынын тургуну участкасындагы мал сарайынан белгисиз адамдар тарабынан базар баасы 60000сомдук бир баш уюн уурдап кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган.

Бул арыз Баткен ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Баткен ШИИБнин милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Лесхоз участкасына бирөөнүн үйүнө башка бирөөгө сатуу максатында байлап койгон жеринен Баткен шаарынын 23 жаштагы А.Ч. аттуу жаранды аныктап кармашкан. Уурдалган мал өз ээсине кайтарылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

 

466