7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы жылдык кайрымдуулук акциясына балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева катышты

585

КРнын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева бүгүн, 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи тарабынан уюштурулган жаңы жылдык кайрымдуулук акциясына катышты.

Иш-чарага К. Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын тарбиялануучулары жана Бишкектин улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык-стационардык мекемесинин жашоочулары катышты.

Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова иш-чараны ачып жатып, бардык катышуучуларды кубаныч тартуулоого жана келе жаткан Жаңы жылга карата майрамдык маанай тартуулоого аракет кылышканын белгиледи.

Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан окуучуларды жаңы жылы менен куттуктап, аларга ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Иш-чаранын алкагында иллюзионисттердин, жонглёрлордун, А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин оригиналдуу жанр артисттеринин, “Джаз” бий тобунун ырчыларынын жана бийчилеринин мыкты номерлери уюштурулду.

Концерттик программадан кийин чакырылган катышуучуларга музейдин туруктуу экспозициялык залы боюнча экскурсия болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586