7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайы

411

Келе жаткан жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет маалымат берди.

3-сентябрдан 9-сентябрга чейинки божомолдо көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот.

Ал эми , Бишкекте 4 жана 7-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы 28 градуска чейин жылуу болот.

Чүй

3-4-5-сентябрда тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 6-сентябрда күн ачык болот. Ал эми 7-сентябрдан кайрадан жаан-чачын болушу мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-сентябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Талас

3-сентябрда күн ачык болот. Анын эртеси көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 5-8-сентябрда кайрадан күн ачылып, 9-сентябрда айрым жерлерде жаан жаашы мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад

Апта ичи жаандуу болуп, 6-сентябрда гана күндүн көзү көрүнөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-сентябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Баткен

Келерки жума жаан-чачындуу башталат. Бирок 5-8-сентябрда күн ачылып, 9-сентябрда тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын

Эки аймакта тең жаан жаашы күтүлүүдө, болгону 6-сентябрда Нарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-сентябрда күндүз айрым жерлерде жана 5-сентябрда түнкүсүн акваторияда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

412