Аптаптуу ысыкта жеңил тамактануу маанилүү. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти муну ысыкта адамдын кыймылы азайып, энергиянын аз жумшалышы менен байланыштырган.
Күн ысыкта рациондун калориялуулугун, майды азайткан оң. Күнүмдүк тамактанууңузда жашылча-жемиштерди көбөйтүңүз. Алар витамин, минерал жана антиоксиданттарга муктаждыкты толтурат. Өзгөчө жаңы бышкан жашылчалар менен ашкөктү көп жеңиз. Жашылчаларды кууруп, бышырбай чийки жеген оң. Салатка майонез эмес, үйдө даярдалган йогурт, каймак же өсүмдүк майын кошуу сунушталат. Тузду азайтуу зарыл.
- Организмде суюктук азайып, дененин кургап кетишине жол бербеңиз. Чаңкап, ооз кургап кеткендин алдын алып суу ичип туруңуз
- Мөмө-жемиштерди эртең менен жеген пайдалуу;
- Саат 8:00гө чейин эртең менен тамак ичилиши керек, түш ооп кеткен учурда эмес, түшкө чейин түшкү тамакты ичип, кечинде 19:00дөн өткөрбөй кечки тамактануу болгону туура. Калориялуу азыктарды эртең менен жеп, кечкисин жеңил тамактарды жеңиз;
- Күн сайын сүт азыктарын колдонуу сунушталат. Үйдө даярдалган йогурт, айран, быштакты жашылча, мөмө-жемиштерге кошуп жеңиз.
Жайкы тамактануу эрежелерине өтүү сунушталат.