Кара-Көл шаарында 33 жаштагы тургун өзүн-өзү асып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 8-июль күнү болгон. Бул факты электрондук журналына каттоого алынган. Каза болгон жарандын апасы эч кимге доосу жоктугун билдирип арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.