Жайыл районунда 60 жаштагы аялдын башын кесип, үйүн өрттөп кетишти. Бул тууралуу «Аки пресс» маалымматык агенттиги жазып чыкты.
Маалым болгондой, 2021-жылдын 6-сентябрына караган түнү Центральная көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Аны жергиликтүү тургундар өчүрүүгө жетишкен. Андан кийин айылдыктар үйгө кирип, ал жерден үй ээсинин башы жок денесин табышкан. Ал болжол менен 60 жаштагы жергиликтүү тургун Т.Р. болгон.
Белгилүү болгондой, улгайган аял Степной айылына 15 жыл мурун көчүп келген. Анын балдарын эч ким көргөн эмес. Жалгыз жашап, спирт ичимдигин көп иччү.
«Ушундай эле киши өлтүрүү биздин айылда 11-августта да катталган. Жергиликтүү тургундун башы кесилип, үйү өрттөлгөн. Бул кылмышка шектелип, анын таанышы кармалган. Ал биз билгендей кылганын мойнуна алган», — дешет айыл тургундары.