7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жайыл районунда тоголок жетим балдарга жер тилкелери берилди

12

Жайыл районунда тоголок жетим балдарга жер тилкелери берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдайт.

Маалыматка ылайык, ата-энесинен ажыраган 9 балага жер тилкелери бөлүнүп берилип, турак жай куруу үчүн жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актылар тапшырылды.

Белгилей кетсек, КРнын Балдар жөнүндө кодексинин 13-беренеси жана Турак жай кодексинин 43-беренесинин талаптарына ылайык, баланын турак жайга укуктарынын кепилдиктери турак жай мыйзамында каралган тартипте камсыз кылынат, жашоо үчүн турак жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда, мыйзамда белгиленген тартипте, пайдалануу укугунда турак жай аянтын кезексиз алуу кепилдиктери каралган.

13