Учурда Кыргызстандагы эл аралык «Манас» аэропорту пакистандыктарга толгон. Бул тууралуу маалыматты бүгүн туугандарын чет өлкөгө узаткан күбө билдирди.
«Алар азыр кетип жатканын айтышты. Кезекте туруп кээ бирлери менен сүйлөшүп калдым. Бул жакта алар мамиле жакшы болбой жатканын белгилешти. Аларды маршруткалар менен алып келишсе дагы алар токтотуучу жайга акча төлөп жатышыптыр. Алар Маскат шаарына учуп жатышканын айтышты», — деди ал.