7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бажынын жетекчиси баш болуп өлкөгө 8 млн сом зыян келтиришти. Мыйзамсыз жүк алып киришкен

949

Бүгүн, 10-сентябрда аткезчилик менен алектенген бажы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экономикалык аткезчилик фактысы менен “Түндүк” темир жол бажысына караштуу “Кара-Балта” бажы каттоо жайынын жогорку кызмат адамдары Ж.Д жана М.Е кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен.

2021-жылдын 17-августунда бажылык жол-жободон өтпөгөн “Түндүк” темир жол бажысына караштуу “Кара-Балта” бажы каттоосунан үч жүк ташуучу унаа кармалган. Алар Бишкектеги «Дордой» базарынын аймагына келип, товарларды жарым-жартылай түшүргөн. Тергөөдө аныкталгандай жүктү түшүрүүгө “ALG” ЖЧКсынын кызматкерлери жардам берген. Ал эми бажылык жол-жоболордон өтүү Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилеринин калкалоосунда жүргүзүлгөн.

Транзиттик декларацияга ылайык, кармалган жүк фирмалык кийим түрүндөгү товарлардан төмөн баадагы трикотаж кездемелер, жиптер, токулган кездемелер, жибек кездемелер пахта катары декларацияланган. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 8млн сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

950