7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жакынкы арада казак инвесторлорунун Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө

1110

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргызстандагы Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Арзыбек Кожошев Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоосун билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Казакстанга алдыдагы жумушчу сапарын уюштуруу маселеси, ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды.

Элчи Рапиль Жошыбаев белгилегендей, министрлер кабинетинин төрагасынын жумушчу сапарын жогорку уюшкандык деңгээлде өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.

Анын айтымында, мурда жетишилген келишимдердин алкагында казак инвестицияларын тартуу менен индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча иштер аткарылууда. Жакынкы арада инвесторлордун Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1111