7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: «Бахрейн» шаарчасы ачылып, муктаж болгон 4 үй-бүлөгө үйдүн ачкычы тапшырылды (ФОТО)

752

Жалал-Абад шаарында «Бахрейн» шаарчасы ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда “Бахрейн” аталышындагы жаңы шаарчанын бир бөлүгү ачылып, муктаж болгон 4 үй-бүлөгө үйдүн ачкычы тапшырылды. Ошондой эле мечит жана тигүү цехи пайдаланууга берилди.

Социалдык шаарчанын ачылуу аземине Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укукту өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мохаммед Абдулькарим башатаган курулушка демөөрчүлүк кылган Бахрейнден келген коноктор жана шаар тургундары катышты.

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков “КАФ Гуманитарин” коомдук фондуна, Бахрейн элине ыраазычылык билдирип, тынччылык, бакубат жашоо каалап, эки тараптуу кызматташтык улана турганын белгиледи.

«Бахрейн» социалдык шаарчасын курууга шаар бийлиги 1,25 гектар жер ажыратып берген. Мында 24 үй-бүлөгө ылайыкталган турак-жайлар, 200 орундуу мектеп, тигүү цехи, ФАП жана мечит бар. Ошондой эле шаарча үчүн атайын таза суу да чыгарылган.

Учурда тигүү цехи менен бир бир нече турак жай, мечит бүткөрүлгөн. Ал эми ФАП жана мектептин курулушу жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, аталган шаарча мүмкүнчүлүгү чектелген, томолой жетим балдар жана муктаж жарандар үчүн курулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

753