“Кыргызавтожол” мамлекеттик мекемеси 2022-жылдын 10-майынан баштап Тараз-Талас-Суусамыр авто унаа жолундагы Өтмөк ашуусундагы аң-чөнөктөрдү жамоо(ямочный) иштерин баштоо пландаштырылган. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолду оңдоо иштери аба-ырайынын ыңгайлуу шарттарына жараша жүргүзүлөт.
«Жумуштарды тез арада жасоо үчүн аталган жолго Талас областынан 5 бригада,Чүй областынан 2 бригада даяр турат. Аталган жолдогу оңдоо иштеринин ушул убакытка чейин башталбагынын негизги себеби, аба-ырайынын туруксуздугу болууда»,- деп берилет билдирүүдө.