Жалал-Абадда тоноого шектелген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Сузак районунун 1961-жылы туулган тургуну М.Г. арыз менен кайрылган, себеби 2022-жылдын 25-август күнү Жалал-Абад шаарынын Токтогул эс алуу багында жайгашкан “Гулзада” кафесинде А.Н. аттуу 16 жаштагы небересинин базар баасы 19000 сомдук “Самсунг” үлгүсүндөгү кол телефонун азият улутундагы жашы болжол менен 35-40 жаштагы жаран чалып алайын деп колунан жулуп алып кетип калган.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган А.И. экендиги такталган.
Шектүүнүн кармалып, тергөө бөлүмүнө камсыздалган. Учурда шектүүнүң мындан башка да кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча да кылмыш иштин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.