7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жардамга муктаж Талас шаарынын тургуну 2 бөлмөлүү үйлүү болду

561

Жардамга муктаж Талас шаарынын тургуну Айзада Бокоева турак жайлуу болду. Буга чейин колдоо күтүп мэр Аскар Шабдановго кайрылган. Көмөк көрсөтүү максатында калаа башчы тийиштүү мекеме ишканаларга тапшырма берген.

«Турак үй эскилиги жеткендигине байланыштуу Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү ишканасынын башкы инженери Адилет Чыныбеков, жаңы турак үй куруу демилгесин көтөрүп, Талас шаарынын кайрымдуу жаштарынын колдоосу менен бүгүнкү күндө бардык шарты каралган эки бөлмөлү турак үйү тургузулуп берилди. Талас шаардык “Таза суу” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эсебинен аталган турак үйдүн саркынды суу топтолуучу чуңкурчасы бетондолуп, ошондой эле борбордук таза суу системасына туташтырылып таза суу менен камсыздалды»,- деп берилет маалыматта. 

Белгилей кетсек, Талас шаарында турмуштун оор кырдаалына кабылган жардамга муктаж эки миң үй- бүлө каттоодо турат. Шаар аймагында бул өңдүү кайрымдуулук саамалыгы алгачкы ирээт болууда.

Талас шаарынын мэриясы кайрымдуулук көрсөткөн демилгелүү жаштарга ыраазычылык билдирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

562