Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы аралчада дээрлик эки сутка калып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Такталган маалымат боюнча, окуя 11-майда болгон. Анда “Кара-Дарыя” дарыясынын Кундузчу участогунун деңгээли көтөрүлүп дарыянын ортосунда аралчада (островок) күрүч эгип жүргөн эркек киши калып кеткен.
ӨКМге 12-май күнү маалымат келип түшкөн. Жалпы 11 куткаруучу тартылып, кайык менен аралга сүзүп барып, 1962-жылы туулган А.Н. аттуу эркек кишини жээкке алып келишкен.
«Куткарылган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилди. Абалы жакшы»,- деп берилет билдирүүдө.