“Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кургак-Көл айылынын аймагында, ай сайын өткөрүлүүчү “чогулушта” “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун лидери А.И.Т., И.З.К., К.М.Т., М.Х.Ч., Б.И.М., А.Т.Ж. жана Ч.Х.Т., Э.Н.Т., Х.Ф.Г., П.С.А., А.Д. аттуу активдүү мүчөлөрү кармалды.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүмү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылыш иши козголгон.
Жүрүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында ири өлчөмдөгү экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, электрондук маалымат каражаттарды алып жүрүүчүлөр жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынган.
Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу түрдө диний сабактарды өткөрүп, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратып жүрүшкөн.
Кармалган жарандар УКМКнын Жалал-Абад областтык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди. Алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.