Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында 25-30-октябрь күндөрү көк бөрү боюнча өлкө чемамонаты өтүп, Талас командасы жеңишке жетти. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдеш чоңдор жана жаштар арасында өттү. Жаштар арасындагы оюндун финалында Чүй жана Нарындын командасын 7-0 эсебинде утса, чоңдор арасында Талас жана Чүйдүн курамасын 7-5 эсебинде жеңди.
Чемпионаттын жыйынтыгы:
Чоңдор арасында:
1-орун – Талас;
2-орун – Чүй;
3-орун – Ош.
Мыкты оюнчу – Кушчубай Илис уулу (Талас);
Мыкты аргымак – Көк-Мончок (Чүй);
Жаштар арасында:
1-орун – Чүй;
2-орун – Нарын;
3-орун – Талас.
Мыкты оюнчу – Калкаман Акбаржан уулу (Чүй);
Мыкты аргымак – Арча-Тору (Нарын).