«Саманчынын жолу» спектакли Казакстанда өткөн фестивалда гран-прин жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
«Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын «Саманчынын жолу» спектакли Астанада өткөн «ТеатрALL» эл аралык театр фестивалында Гран-При — Баш байгени утуп алды»,-деп берилет маалыматта.