Бүгүн, 24-ноябрда Жалал-Абад шаарынын борбордук «Эркиндик» аянтында Ички иштер министринин орун басарынын катышуусунда горнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу жеринен аймактык кабарчыбыз Бүбүсара Орозалиева билдирди. Иш-чара шайлоо күнүнө карата нускама берүү боюнча уюштурулган.
Саптык кароодо Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев өздүк курамга министрликтин талаптарын жеткирди. Анда үгүт иштерине кийлигишпей, бөлүнгөн шайлоо участкаларында мыйзамдуулукту сактап, коомдук тартипти көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле иш-чарада Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев да шайлоо учурунда милиция кызматкерлерине шарттар түзүлгөнүн билдирди. Иш-чаранын соңунда атайын нускамалар берилип, кызматкерлер шайлоо тилкелерине бөлүнүштү жана өздүк курам салтанаттуу жүрүштөн өттү.
Белгилей кетсек, облус аймагындагы 450дөн ашык шайлоо участкаларында фискалдык органдар менен биргеликте 1000ден ашуун кызматкерлер коомдук тартипти көзөмөлдөшөт.