Жалал-Абад облусунун 5 тургуну «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун экстремисттик идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР диний-экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрүнөн баш тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда.
Иш-чаралардын жыйынтыгында, КРнын жарандары Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 1972-жылкы, Ю.А.К., 1974-жылкы Ч.Х.Т., 1975-жылкы М.Р.И., 1976-жылкы К.М.М., жана 1994-жылы туулган П.С.А. экстремисттик идеологиядан баш тартышкан. Жарандар мурда “Хизбут-Тахрир” РСОнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан.
Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алышып, жарандарды «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырып, Кыргызстандын аймагында аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдиришти.
Учурда УКМК тарабынан тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле катарына жаңы шериктерди тартуунун алдын алуу боюнча иш-чаралары улантылууда.