7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад милициясы кенже жана жетектөөчү бош орундарга конкурс жарыялады

764

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы катардагы жана кенже жетектөөчү курамындагы кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт.

Конкурска “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жашка толгон жана 30 жашка чейинки курактагы Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Бош кызмат орундары:

  • — Жалал-Абад ОИИБнын милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционеринин 1 бош (вакант) кызмат ордуна;
  • — Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу ШИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо изоляторунун милиционеринин 2 бош (вакант) кызмат ордуна;
  • — Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр ШИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын коштомо-күзөт тобунун коштоочу-милиционеринин 1 бош (вакант) кызмат ордуна;
  • — Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын коштомо-күзөт тобунун автозак айдоочу-милиционеринин 1 бош (вакант) кызмат ордуна.

Тиешелүү документтер 2021-жылдын 17-июлуна чейин кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Жалал-Абад ОИИБдин Кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.
Байланыш телефондору: (03722) 7-02-81.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

765