Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Андрей Ливерко армлифтинг боюнча Азия чемпиону болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык “Алтын Барс” спорттук иш-чарасы 2021-жылы 17-июндан 20-июнун кошуп Бишкек шаарында өткөрүлдү. Мелдешке Кыргызстандын, Азербайжандын, Индиянын, Ирандын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Грузиянын спортчулары катышты.
Белгилей кетсек, Андрей Ливерко Д.Дороженконун жана Г.Нурлаеванын жетекчилиги астында 82,5 кг салмак категориясында бажы кызматынын атын коргоду.