Бейбаштык кол салуудан улам УКМКнын кызматкери каза болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-июнунда УКМК кызматкерине топтолгон жаш балдар тарабынан жасалган бейбаштыктын натыйжасында, КР УКМК Ош шаардык жана Ош областык башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери каза болду. УКМК каза болгон Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең көңүл айтабыз. Сиздердин кайгыңыздар менен тең бөлүшөбүз.
Бул факт боюнча 130-беренесинин 4-бөлүмү “Бейбаштык менен өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шектелгендер Ош ШИИБи тарабынан кармалды.
Ошто 24 жаштагы бала каза болду, шектүү 1 эле жолу бетке урганын айтат