7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаңы имараты курулууда

552

Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын терапия, сезимтал оорулар жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнө жаңы имарат курулуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулушка 300 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Облустук оорукананын жаңы корпусу 90 орунга ылайыкташып, ушул жылдын ноябрь айында курулуш иштери бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын терапия, сезимтал оорулар жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнүн имараттары 1958-1960-жылдары курулган. Имараттардын эскилиги жеткендигине байланыштуу соңку жылдары бейтаптар менен дарыгерлерге түйшүк жаратып келген.

Эскертке кетсек, аталган оорукананын курулушу Жалал-Абад шаарына республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

553