7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад облусунда профилактикалык иштер уланууда

243

Чаткал РИИБдин жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери район аймагында өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштерди жүргүзүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар тоголок жетим балдар менен да маектешип, алардын көйгөйлүү маселелерин жеринде талкуулашкан. Ошондой эле кылмыштуулукту болтурбоо багытында мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, аларга терс көрүнүштөрдөн алыс болуу керектиги эскертилди.


Ал эми Ала-Бука жана Ноокен РИИБдеринин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдама унаасы менен айыл аралашып, жергиликтүү тургундардын кайрылууларын кабыл алып жатышат. Чек арага жакын жайгашкан айыл элдери менен жолугушуулар өткөрүлүп, мал жандыктарына сак болуу керектиги жеткирилди. Ошондой эле жашы жете элек балдарды ар дайым көзөмөлдөө жана татыктуу тарбия берүү зарылдыгы белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

244