Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында өзүн КР УКМК кызматкери катары көрсөтүп, алдоо жолу менен жарандардын акчасын алган А.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, А.А. өз аракеттерин УКМК органдарына финансылык жардам көрсөтүү зарылчылыгына негиздеген жана өлкөнүн жогорку кызмат адамдары менен болгон байланышка жамынган.
Андан соң кылмышка шектүү жаран карызын төлөөнүн ордуна кылмыш ишин ынанымдуу кылуу үчүн жасалма укук коргоо органынын күбөлүгүн көрсөтүп, жабырлануучуларга кысым көрсөткөн.
Аталган жаран кармалган учурда автоунаадан РФ ИИМинин кызматкеринин күбөлүгү жана укук коргоо органдарына тиешелүүлүгүн окшоштурган башка буюмдар табылган.
УКМК А.А.нын алдамчылык аракеттеринен жапа чегиши мүмкүн болгон жарандарды КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын: 0995 01 22 10 (WhatsApp) ишеним телефонуна кайрылууну суранат
КР УКМК органдарына финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүү максатында жарандардын акча каражаттарын алдап жүргөн мындай шылуундарга жана кылмыштуу аракеттерге УКМК коомчулукту ишенбөөгө чакырат.