7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуу Британияда 4 жыл ичинде 12 жаңы шаар куруу пландалууда

395

Жакынкы жылдары Улуу Британия турак жай тартыштыгы маселесин чечүү маскатында 12 жаңы шаар курат. Бул тууралуу Лейбористтик партиянын конференциясында өлкөнүн премьер-министри Кир Стармер билдиргенин, Коммерсант жазды.

Маалыматка ылайык, премьердин айтымында, алгачкы үч шаардын курулушу кийинки шайлоого чейин башталат. Жаңы шаарларды куруу демилгеси лейбористтердин жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу боюнча кеңири планынан алынган. Бийлик башындагы бул партия буга чейин 2029-жылга чейин 1,5 млн жаңы үй курууну убада кылган.

Ошондой эле өкмөт жарыялаган пландарга ылайык, ар бир жаңы шаарда кеминде 10 миң үй болот. Анын 40% жеткиликтүү турак жай, ал эми тең жарымы социалдык турак жай катары пайдаланылат.

Курулуш жүргүзүлө турган аймактар ар түрдүү болуп, ири шаарлардын чет жакасынан тартып, чакан калктуу конуштарды камтыйт. Өкмөт Бедфордшир, Лидсти жана Лондондун түндүк четиндеги аймактарды эң ылайыктуу жерлер деп атады.

396