7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад ОИИБде жаӊы кызматка дайындалган кызматкерлер тааныштырылды

594

Бүгүн 5-августа Жалал-Абад ОИИБдин имаратында ИИМдин буйругунун негизинде кызматка дайындалган жана атайын наам алган кызматкерлер өздүк курамга тааныштырылды.

ИИМдин буйругуна ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары милициянын подполковниги Сагынбек Асанбековго кезектеги милициянын полковниги атайын наамы ыйгарылды.

Ошондой эле, милициянын кенже лейтенанты Улукбек Сулайманов Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынын улук инспектору кызматына дайындалды.

Кызматка дайындалган жана атайын наам алган кызматкерлерди Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары милициянын полковниги Зарылбек Раимкулов куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.

Эскерте кетсек, мурдагы Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынын улук инспектору милициянын полковниги Нурдин Жээнтаев Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү мыйзамына ылайык ардактуу эс алууга жиберилди.

595