7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

252

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаковдор  облустун аймагындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин майрамдары менен куттукташты.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов  Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырып, жеңиштин 80 жылгы менен  куттуктап, согуш учурунда өздөрүнүн каармандыктарын көрсөтүп, жерибизге тынчтык  алып келгендиктери үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Өз кезегинде  Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктап келгендиктери үчүн  милиция кызматкерлерине ак батасын берип, өлкөдө ар дайым тынчтык  болушун каалашты.

Белгилей кетсек Жалал-Абад облусунун аймагында Улуу Ата-Мекендик согуштун үч ардагери бар, алар Мамасалы Джумаев, Мурза Далиев, Ормон Дадажановдор азыркы күндө бактылуу карылыкта өмүр сүрүүдө.

253