7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад ОИИБи: Таш-Көмүр милициясы эл кызматында

473

Учурдун талабына жараша, Таш-Көмүр ШИИБдин жетекчисинин демилгеси менен эл арасында жаралып жаткан көйгөйлөрдүн бири — шаар аймагындагы үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу жана ажырашууларды болтурбоо максатында, ар бир аймактык башкармалыктарда милициянын участкалык уполномоченныйларынын талдоосунда турган, көп ичип үйүндө жаңжал салуусу мүмкүн болгон 15 үй-бүлөнүн жашап жаткан жерлерине аймактык башкармалыктын башчылары, Коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү, социалдык коргоо кызматынын кызматкерлери, айыл аксакалдары, шаардын имамдары менен биргеликте, мыйзамдарда көрсөтүлгөн зомбулук тарткан адамдын жана зомбулук көрсөткөн адамдын укук милдеттери, коргоо ордерлеринин шарттары жана жоопкерчиликтери боюнча да түшүндүрүлдү. Айыл аксакалдары тарабынан акыл-насааттар айтылып, үй-бүлөнү ынтымакка чакырып, ак баталарын беришти.

Ошондой эле, Таш-Көмүр шаарынын аймагында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн спирт ичимдиктерин жана тамеки заттарын колдонушуп, көчөдө жүрүп ар кандай укук бузууларга аралашып калуусуна бөгөт коюуда Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын, билим берүү бөлүмүнүн, социалдык өнүгүү жана балдарды колдоо башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте, Таш-Көмүр шаарынын жана ага караштуу аймактарда жайгашкан дүкөндөрдө, соода-сатык жайларында жашы жете элек өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин жана тамеки заттарын, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен товарларды сатууга тыюу салынуусун эскертип, бул багытта да тиешелүү алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Таш-Көмүр ШИИБдин Маалыматтардын Электрондук Журналына жыл башынан тартып жалпы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча – 15 учур катталып, анын 12си КЖБРге өткөрүлүп, 13 коргоо ордерлери берилген. 1 материал Бузуулар боюнча каралган болсо, 2 учур аймактык караштуулугу боюнча жиберилген.

474