7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: Ооруканадагы окуяга байланыштуу кызматкерлер тартиптик жазага тартылды

625

Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборундагы бейтап менен болгон окуяга байланыштуу бир топ кызматкерлерине карата тартиптик чара көрүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы кординатору Замира Орунбаева 7-каналга билдирди.

Өз ара териштирүү иштеринен кийин облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директорунун орун басары Кайрынса Дыйканбаевага эскертүү жана бейтапкананын 3-бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Добулбековага сөгүш жарыяланды. Дарыгерлерге бейтаптар арасында жеткиликтүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин алып барбагандыгы үчүн ушундай чара колдонулду. Ал эми ооруканадан чыгарылган бейтап кайрадан кургак учук борборуна алынып келинип дарылануусун улантып жатат жана дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

“Бейтаптын баласы менен түшүндүрүү иштери жүрдү, ал да ачуулукка алдырып, дарыгерлер менен пикир келишпестикке барганын айтты. Бул окуя биздин медицина кызматкерлери үчүн сабак болду. Мындан кийин бул сыяктуу жагымсыз окуялар кайталанбайт жана көзөмөлдө болот” – деди Орунбаева.

Буга чейин 7-каналдын редакциясына Сузак районунун тургуну кайрылып, ооруканада дарыланып жаткан апасы мөөнөтү бүтө электигине карабай бейтапканадан чыгарылганы, ага жылуулук жок деп арызданганы себеп болгонун айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

626