7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаардык сотунун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

1039

Жалал-Абад шаардык сот аткаруучу кызмат бөлүмүнүн кызматкери (САКБ) пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык сот аткаруучу О.Т.О. аттуу кызматкер Сузак районунун тургунунан Кылмыш-жаза кодексинин 370-беренеси (соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка сот актысын аткарбоо) боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу боюнча коркутуу жолу менен, Сузак районунун тургунунан кредитордук карызды өндүрүү маселеси боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 20 000 сом жана 500 доллар акча каражатын талап кылышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Жалал-Абад шаардык сот аткаруучу кызмат бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Кармоо учурунда аталган кызматкер активдүү каршылык көрсөткөн.

Бул факты боюнча УКМК Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү Сузак РИИБдин тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1040