Жалал-Абад шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга сый-дасторкон уюштуруп, концерттик программа тартуулашты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги жана “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду 300гө жакын мүмкүнчүлүгү чектелгендерге концерт уюштурушуп, сыйлашты.
Иш чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова да катышып, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жылуу каалоо-тилегин айтып, белектерди тапшырып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, бир катар демөөрчүлөргө ыраазычылык баракчаларын тапшырган.
Жалал-Абад шаарындагы 1-2-3-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жергиликтүү казынадан 352 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Эскерте кетсек, 3-декабрь — ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнү.