Жалал-Абад шаарында мектепке барбай, унаа базарда иштеп жүргөн 21 бала аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Эмгек жана өспүрүм” аталышындагы рейд жүрүп, рейддин алкагында сабак учурунда мектепке барбай, автоунаа жууган, машина базардын ичинде соода-сатык менен алектенген, автоунаалардын маалыматы камтылган кагаздарды саткандар аныкталды.
Окуучулардын мектеп директорлоруна сунуштар жөнөтүлүп, ата-энелери чакыртылып, балдарын сабактан калтырбоо керектиги эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аныкталган өспүрүмдөрдүн ичинен 7 окуучу Сузак районунан келишкендиги такталды.
Белгилей кетсек, рейд Жалал-Абад шаардык милициясынын Балдар иштери боюнча инспекциясы, прокуратура, социалдык адистер тарабынан жүргүзүлгөн.