Кара-Балта шаарында башына ок тийип өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык,кечээ 1-декабрда саат 07:48 чамасында милицияга маалымат түшкөн. Кара-Балта шаарынын Западный кварталында белгисиз адамдын жансыз денеси гараждан табылган.
Маркумдун өздүгү такталып, 1973-жылы туулган Х.И. аттуу жаран болуп чыккан.
Аталган факты Жайыл РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп,тергөө амалдары улантылууда.