Бүгүн, Жалал-Абад шаарында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, спортчулар жана машыктыруучулар катышты.
Анда ийгилик жараткан бир катар спортчулар менен машыктыруучуларга ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Жыл башынан бери 2 спортчубуз Иордания мамлекетинин Амман шаарында бокс боюнча өткөн Азия чемпионатында коло медалды жеңип алган болсо, жөө күлүк Гүлшанай Сатарова Өзбекстанда өткөн 4-эл аралык марафондо 1-орунду камсыз кылды. Ал эми алдыда болсо, жаш шахматчы Нурайым Жакыпова Шриланкада өтүүчү Азия чемпионатында өлкөбүздүн намысын коргойт.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарынын спортчулары дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарда байгелүү орундарга ээ болушуп, спорттун түрлөрү боюнча жалпысынан 146 байгелүү орунга ээ болушкан. Анын ичинен 43 алтын 48 күмүш, 55 коло медаль.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда эртең, 6-апрель Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы.