7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: Төшөктө оролгон абалда жарандын жансыз денеси табылды

1219

Жалал-Абадда кароосуз турган унаа жуучуу жайдын артынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 7-каналга Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-сентябрь күнү саат 18:40 чамасында Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи шаарчасындагы иштебей, кароосуз турган унаа жуучуу жайдын артында белгисиз адам төшөктө оролгон абалда жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн.

Аталган маалымат боюнча милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, жансыз денени сырттан кароо учурунда дене жаракаттары байкалган эмес. Өздүгү такталбаган эркек адамдын жансыз денеси өлүкканага жеткирилип, дене жаракаттарын жана өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1220