Москва районунда мал уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Билдирүүгө караганда, Москва райондук милициясына Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын арызында ушул жылдын август айында Москва районунун аймагындагы Кара-Суу жайлоосунан белгисиз адамдар үч баш жылкысын уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин уурулук беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында кылмышка шектелип 45 жаштагы Ж.А. жана 27 жаштагы А.Ж. аттуу жарандар кармалды.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.